Экономика, Дизайн жана Информациялык Системалар колледжинин студенттери 7-Апрель Элдик баатырларды эскерүү күнүнө карата «Ата Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине экскурсияга барып

Экономика, Дизайн жана Информациялык Системалар колледжинин студенттери 7-Апрель Элдик баатырларды эскерүү күнүнө карата «Ата Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине экскурсияга барып келишти . Студенттерди кураторлору жана Студенттик парламент жетектеп барышты.
7-Апрель окуясында курман болгон баатырлардын, Кыргыз мамлекетинин түзүлүшүнө эбегейсиз зор салымын кошкон 138 кыргыз каймактарынын, ошондой эле кыргыздын атын дүйнөгө тааныткан Чыңгыз Айтматовдун баш болгон тарыхый инсандардын арбактарына багыштап куран окулду.
Студенттер музейлерди аралап, кызыгуу менен маалыматтарды алып келишти. Элдик баатырлардын эрдиктери менен студенттер таанышып келишти.

Экскурсия өз максатына жетти..